Ош шаарында 600дөй орун даяр болуп, шаар мэри даярдык иштерин текшерди

Ош шаарында бейтаптарды дарылоо үчүн кошумча 600 орун даяр болду. Даярдоо иштери менен Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов таанышып, ар кандай кырдаалга даяр болуу керектигин айтты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-июлдан баштап шаардын Т.Кулатов кичи районундагы “Газпром” спорт комплексинде 100 орундуу стационар ишке кирди. Бул жайга жеңил жана орто абалдагы бейтаптар кайрылып, жардам алышат.

Ал эми пневмонияга жана коронавируска кабылгандардын саны көбөйсө, жогорку окуу жайдын жатаканасында 300 орун, менчик “Андрос” медициналык борбору жана “Классик” мейманканасында 100дөн ашуун орун даярдалган.

Ал эми ”Sunrise” мейманканасына 50 орундуу обсервация даярдалды.

Шаар мэри “Каныкей” ресторанына да күндүзгү стационар уюштуруу тапшырмасын берип, жеке ишкерлерге ыраазычылык билдирди.

Биз буга чейин эле алдын алуу максатында орундарды даярдаганбыз. Дагы кошумча 500дөн ашуун орундар даярдалууда. Жеке ишкерлер да жакындан жардам берип жатышат. Биз алдын алуу иштерин жүргүзүп жатабыз. Даярдалган орундар адамдарга толбосун. Өкмөт, ишкерлер тараптан керектүү аппараттар да берилип жатат. Элибиз дарыгерлер койгон талаптарды угуп, аткаруусун суранат элем”, - деди шаар мэри.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
muslima-0788
2020-07-06 23:12:53
Вируска тапшырган анализди текшергилечи силер.25 де тапшырганбыз бардыгыбыз ооруп эле атабыз зв кылсан анализ чыгалек дейт. Анализ чыкпаса же алып кетпейт экенсинер больницага.Иштемиш эле болосунар да
+1
Agayu
2020-07-06 23:17:01
Ошондо Ошто да хуже акыбал болобу.?Даярдык жөн жай болбосо керек .
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан