"Маркумду жерге тез берүү керек болгон учурда кабырды экскаватор менен казса болобу?". Экс-муфтий Чубак Жалиловдун жообу

"Маркумду жерге тез берүү керек болгондо, кол менен казуу кыйынчылык болгон учурда кабырды экскаватор менен казса болобу?". Бул суроого карата экс-муфтий Чубак Жалиловдун жообу социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Албетте, болот. Казуу кандай гана жолдо болбосун кабыр казылган болсо эле эсеп. Ошондуктан убакыт тартыш болгон күндөрү деле, тартыш эмес күндөрү деле экскаватор же болбосо ошол сыяктуу атайын техникаларды колдонууга шарият уруксат берет.

Кыргыздын салтында кабырды казганда өтө чоң казып көнүп алышкан. Ушундай учурларда жайды кичирейтүү керек. Маркум бата турган деңгээлде гана чакан кылып, сырткы казанактан сөөктү ичине киргизип туруп, үстүнөн кыш менен тизип жаап коё турган болсо ошол дагы жетиштүү", - деп жазылган жоопто.

Соңку күндөр ичинде өлкөдө коронавирустан жана пневмония илдетинен каза болгондордун саны көп болууда. COVID-19дан акыркы сутка ичинде 7, жалпы 99. Ал эми пневмониядан акыркы сутка ичинде 29, жалпы 224 адам каза болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
-BOSS-
2020-07-07 16:00:32
Теңирчилер жетип келишет азыр, "молдолордун жомокторуна ишенбегиле" деп.
+2
Tyty1990
2020-07-07 16:02:29
Аллахыма шүгүр Чубак ажы устазды бизге бергенине. Кыргыз деп мусулмандар деп элим жерим деп күйгөн патриот адам
+10
bazar
2020-07-07 21:38:02
Эксковатор менен айбанчасын казса болот, казанакты кантип казат эксковатор. Диниң деле күч келгенде калп эле "фатва" чыгарымыш болуп өзгөрө берет тура. Жума намазда аралык кыналып турсун дечү эле, эми бир жарым эки метр алыстыка туруп окуп калышты. "харамдан шыпа издебе", деп жүрүп антисептик пайдаланып калышты. Эми эксковатор менен казып көмсө болот дейт. Анда сөөктү гропко салып көмүш керек
-1
nemo2016
2020-07-07 23:45:38
bazar,Сенин созундо Жан бар бирок кырдаалга байланыштуу ушундай болсо керек
0
turaliev
2020-07-08 03:37:34
bazar, Молодец
-7
-BOSS-
2020-07-08 08:50:09
bazar, арамдан шыпаа издебе деп туура эле айтылган, сен айтып жаткан антисептик вирустун шыпаасы эмес, вирустан коргоочу каражат болот. Аны эч ким ичпей эле го
+6
bazar
2020-07-08 09:31:35
-BOSS-, курамында спирт бар нерсени арам деп саналат. Бозо, арак, вино, пиво. Аракта 40%, вино - пиволордо 10-20% (ар кандай). Антисептикте 70% спирт. Ичесинби денеге суйкөйсүнбү демек сен жашоо үчүн "харам " нерсени пайдаланыпатасын.
Негизги тема-ГӨР (адамдын түбөлүк тургы) маселесине келсек. ГӨР, эки бөлүктөн турат айванчасы (кире бериши) анан казанак. Эркек адамдардын айванчасы киндик тушка чейин казылат. Аял адамдардыкы көкүрөк (эмчек) тушка чейин казылат.
-6
bazar
2020-07-08 09:40:43
Андан кийин төмөн бир бурчунан тешилип КАЗАНАК өзүнчө бөлүк болуп оюлат (жумуртканын формасына окшотулуп) сөөк ошол казанака коюлат. Кесек же кыш менен казанак жабылып кайра айванча топурак менен толтурулат. Эксковатор менен орустардын ГӨРүн казса болот.
-2
-BOSS-
2020-07-08 10:27:51
bazar, Чубак ажынын жазганын жакшылап окусаң, орустарга окшотуп көмгүлө деген эмес.
"Ушундай учурларда жайды кичирейтүү керек. Маркум бата турган деңгээлде гана чакан кылып, сырткы казанактан сөөктү ичине киргизип туруп, үстүнөн кыш менен тизип жаап коё турган болсо ошол дагы жетиштүү", - деп жазылган жоопто.
0
-BOSS-
2020-07-08 10:22:24
bazar, курамында спирт бар нерсени ичсе "арам" болуп саналат, колдонсо эмес. Медицинада спиртти өмүр бою колдонуп келишет, адамдын ден-соолугу үчүн денесине спирт сүйкөсө арам эмес тууганым. Одеклон деле себинип жүрбөйсүңбү.
+3
O.dembele
2020-07-08 11:27:19
bazar,колдонсо болот,курамында спирт бар болсо.
0
Gabiku
2020-07-08 09:40:44
bazar,нары жагын кол мн казып алганы башы жетет, мынчалык эле МО эмес адамдар деп айтпаса керек. Озун деле ой жугуртсон боло
+4
Gabiku
2020-07-08 09:42:42
bazar, колго кетмен, курокту алып деп кошо кетейин, кол менен кантип казат деп дагы жазып журбо
0
bazar
2020-07-08 09:45:52
Gabiku, мен жай казууга чыгып жүргөм. Кыска сап шиш күрөк, лопатка, анан теше.
-2
mateus
2020-07-08 12:56:55
bazar,Ислам динин жакшы билбейт экенсиз, сиз айткан чектөөлөр тынч мезгилде кармала турган чектөөлөр. А согуш же апаат мезгилде андай нерселерге динде уруксат берилген. Же ойунузча ислам дини түптөлгөн мезгилде, согуштар ар түрдүү жугуштуу оорулардын пандемиясы болгон эмес дейсизби.
+3
asad9
2020-07-08 09:58:33
Негизи Аалымдардын айтканы туура болуп эсептелет. Заманга жараша казса болот. Илгээри күрөк жокто эмне менен казышчу эле.
0
meni_kut
2020-07-08 10:29:01
asad9,Илгери курок жок заманда таш мн корумдашкан.Баардык нерсе заманга жараша.Тетигил базарбай базарить этип тушунбой жатат аны
0
bond
2020-07-08 12:41:53
Мына жерде bazar деген никтеги сен нак базар экенсиң саал бешинчи точкага окшоп кетип жатасың.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан