Акыркы сутка ичинде коронавирус инфекциясын дагы 345 адам жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова онлайн жыйында билдирди.
Бишкек шаары – 183;
Чүй облусу – 51;
Ош шаары – 22;
Ош облусу – 7;
Жалал-Абад облусу – 23;
Баткен облусу – 21;
Ысык-Көл облусу – 24;
Нарын облусу – 14.
Жаңы катталгандардын баары тастыкталган учурлар менен байланышта болгондор. Стационарда – 592, алардын ичинен реанимацияда – 17, үй карантининде дарыланып жаткандар – 4 799.
Жалпы илдет жуктуруп алгандардын саны 8 миң 486га жетти.