Ырчы Курал Чокоев пневмониядан каза болгон досун жерге берип жаткан видео менен бөлүштү

Ырчы Курал Чокоев социалдык тармактагы баракчасына маркумду жерге берип жаткан видео менен бөлүштү. Бул видео 4-июлда тартылганын айткан ырчы буларга токтолду.

"Бул видео менен өлкөдө болуп жаткан чыныгы окуяларды, көрүнүштөрдү айткым келди. Анткени баары эле жакшы дегени менен абал башкача болуп жатпайбы. Видео өткөн аптанын ишемби күнү Бишкекте тартылган. Досторумдун бири пневмониядан каза болуп, жерге бердик. Эртеси күнү эле анын бир тууган агасы да ошол илдеттен каза болду.

Досум өз убагында медициналык жайга кайрыла албай калган экен", - дейт ал.

Ырчынын айтымында, көрүстөндүн четиндеги жаңы көмүлгөндөрдүн баары коронавирус инфекциясынан каза болгондордун жайы экен.

Өлкөдө март айынан бери коронавирустан 112 адам каза болсо, пневмониядан 268 жаран көз жумган.

Коронавирустан каза болгондорду жерге берип жаткан учур
Ырчы Курал Чокоев пневмониядан каза болгон досун жерге берип жаткан видео менен бөлүштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aslan_akjol89
2020-07-08 19:46:51
ФБда ушундай видеону "эски видео,2010-жылдагы видео"деп моюндабай жаткан ишенбес вирустар коруп алгыла.Каза болгондордун жакындарына сабыр тилейм.
+2
nazi25
2020-07-08 20:19:24
Иий бүт эле жаңы коюлгандар го.Жайлары жаннатта болсун.
+2
Isa2014
2020-07-10 12:02:49
Бул ак ордодогу мазар го дейм. Вирустан өлгөндөрдү ошол жакка көмүп атышат экен да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан