Быйыл ажылык кандай шартта өтөөрү айтылды

Буга чейин Сауд Арабия бийлиги чет өлкөдөн келген зыяратчылар үчүн ажылык сапары токтотулганын маалымдаган. Башта айтылгандай, коронавирустун жайылышына байланыштуу быйылкы ажылыкка катышууга чет өлкөдөн зыяратчылар келбейт. Быйыл Мекке жана Мадинага зыярат кылууга ошол аймакта жашаган аз сандагы мусулмандарга гана уруксат берилет. Ал эми алардын дагы аткара турган жаңы шарттары бар.

Коронавирус пандемиясынан улам зыяратчыларга Каабага кол тийгизүүгө тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Каабага кол тийгизүү жана аны өбүүгө тыюу салынат", - деп айтылат өлкөнүн Ажылык жана умра иштери боюнча министрлигинин билдирүүсүндө. Кааба менен ортодогу аралыкты сактоо максатында атайын тосмолор орнотулат. Ошондой эле зыяратчылардын тобу 50 кишиден ашпашы керек жана алар медициналык бет кап тагынып, аралыкты сактоого милдеттендирилет. Ортодогу аралык 1 жарым метрди түзүшү шарт. Ошондой эле зам-зам суусу да бир ирет колдонулуучу идиштерге гана берилмекчи.

Белгилей кетсек, 2020-жылдагы ажылык мезгили 28-июлдан 2-августка чейинки аралыкта болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bazar
2020-07-08 17:42:42
Ажылыка барам деп 4000-5000 долларын даярдап алгандар. Жасалма демалдыруучу аппарат алышсын жыйналып. Өзү барбай калса да. Балдары, неберелери барат ажылыка.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан