Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жана анын орун басары Нурболот Үсөнбаев ооруп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
"Алардын абалы канааттандырарлык. Учурда дарыланып жатышат. Алынган анализдин жыйынтыгы менен кошумча маалымат беребиз", - деди ал.
Буга чейин саламаттыкты сактоо министри жана анын орун басары пневмония илдетине чалдыкканы айтылган.