Бүгүн түндө каза болгон белгилүү дин аалымы Чубак Жалиловдун ооруп жаткан учурда айткан сөздөрү интернетке тарады. Анда маркум 10-12 күндөн бери ооруп жатканын, китеп окуганга алы жок экенин жана тааныштары өлүп жатканын, өзү дагы ушинтип өлүп каламбы деп ыйлап жатканын айтканын угууга болот.
Маркум Чубак Жалилов кечээ, 10-июлда оор абалда Улуттук госпиталга жеткирилгени маалымдалган.
Дин аалымы соңку ирет 4-июлда оңдоп-түзөөдөн өткөн мечитти обсервация катары пайдаланууга берүүгө даяр экенин айткан эле.
45 жашында дүйнө салган дин аалымы Чубак Жалиловдун өмүр баяны, маектерин бул шилтемеге кирип окуңуз.