Диний аалым Чубак Жалиловду оор абалда Улуттук госпиталга алып келгендеги учурду журналист айтып берди

Журналист Жакшылык Матанов диний аалым Чубак Жалиловду оор абалда Улуттук госпиталга алып келгендеги учурду өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында түз эфирге чыгып айтып берди.

Анын айтымында, маркум ооруканага өтө оор абалда келген.

"Абдан оор абалда госпиталга келип түштү. Аны өз көзүм менен көрдүм. Жанында таксырлар бар болчу. Дем ала албай жаткан. Мен унчукпайын дегем, бирок билген чындыкты билип туруп, унчукпай коё албадым. Шалаакылык, кенебестик, чириген систем көптөрдүн ажалына себепкер болуп жатат.

Оорукананын кабыл алуу жерине эки орундук даярдалыптыр. Бирөөсүндө бир апа жатты, андан кийинкисине Чубак Жалиловду жаткырышты. Кары адамга кычкылтек концентратору туташтырылган болчу. Он мүнөт өткөндөн кийин бир дарыгер жанындагысына карап "Чубак ажыга кийгизейинби?" деди. Ал "кийгизбейсиңби" деп кыйкырды. Мага аппарат кийгизилбей 10, 15 мүнөттөй унутулуп калгандай болду. Андан кийин ападагы концентраторду алып, ажыга кийгизди. Ал эми кемпир эсин жоготкон боюнча калды.

Айтайын дегеним президент, министрлер оор абалда келген жарандарды ошол замат жандандыруу бөлүмүнө алгыла да. Балким, ажыга ошол замат аппарат туташтырылса, аман алып калат белек", - деп айтат ал өз билдирүүсүндө.

Ал эми саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан Чубак Жалиловду Бишкектеги Улуттук госпиталь кабыл албай койгон деген маалымат чындыкка дал келбесин билдиришти.

"Чубак Жалилов 10-июль күнү түнкү саат 00:00 чамасында ооруканага оор абалда келген. Ага эки тараптуу пневмониянын оор түрү, кант диабети деген диагноз коюлган. Дарыгерлердин бардык аракетине карабай, бейтап 11-июлга караган түнү саат 02:50 чамасында дүйнө салды", - деп жазылат маалыматта.

Чубак Жалилов пневмония илдетинен көз жумду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
AksyKum
2020-07-11 17:17:05
Баары Алланын буйругу менен
+10
KG.Kushtarbek
2020-07-11 17:29:39
Дарыгерлер биздин Ото корс.Журокторуно ыйман берсекен кичине болсода.Или мед академияда ушинтип окутушабы Макул не болсода Шейхибизден ажыбыздан айрылдык.ЖАЙЫ ЖАННАТТАН БОЛСУН
+7
Bars88
2020-07-11 17:45:33
Канча киши медиктердин шалакылыгынан олуп кетти.Жооп беришеби эми кимиси жооп берет вирус башталгандан бери канча ай отту дагы деле эч нерсе даяр эмес.
+5
gulmi
2020-07-12 12:21:45
Bars88,Медиктер бала-чакасын калтырып,омурун тобокелге салып кызмат кылып журушот.Сен бар десе барат белен?
+1
aika17
2020-07-12 00:59:53
Өлүмдүн арманы көп.Мынткенде же тигинткенде өлбөй калат эле дейбиз.Күнөөлүнү издейбиз,бир өмүр жек көрүп өтөбүз.Ажалы келип турса арга жок,өлүм ак.Ажыкенин жайын жаннаттан берген болсун.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан