"Чүй облусунун Токмок шаарындагы жугуштуу оорулар бөлүмүнүн азыркы абалы ыйлагыңды гана келтирет". Бул тууралуу SUPER.KG порталына жарандык активист Гүлжан Кутманбаева билдирди.
Айтымында, оорукананын кейиштүү абалына өзү аталган жайга барганда күбө болуп келген.
"Жугуштуу оорулар бөлүмүнүн ичи, тышы дагы оңдоп-түзөөгө муктаж болуп калыптыр. Полдордун эскилиги жеткен. Ал жерде иштеген айрым кызматкерлер ооруканага жасалыш керек болгон жана жасалат деп убада берилген оңдоп-түзөө иштерин жылдап күтүп жатышкандарын билдиришкен.
Дарыгерлер өтө оор шартта иштеп жатышыптыр. Өздөрү ооруп жатканына карабай милдетин аткарып жүрүшөт. Мындай жагдайда четте карап тура албайт экенсиң. Андыктан демилге кылып, ишкерлердин жардамы менен дем алдыруучу аппарат системин орнотуп кеттик" , - дейт активист.