Вице-спикер Аида Касымалиева эки тараптуу пневмония илдети менен күрөшүп жатат. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Айтымында, ал илдетке кабылганын 4-июлда билген.
"Достор, 10-12 күндөн бери COVID-19дун белгилери байкалып, өзүмдү изоляцияга алгам. Үй-бүлөмдү башка жакка жөнөтүп, өзүм үйдө жалгызмын. Тесттин жыйынтыгы таза деп чыккан. Бирок 4-июлда компьютердик томография эки тараптуу пневмонияны көрсөттү. Дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп бардык ийне, дарыларды алдым. Жакшымын, буюрса. Сатурация (кандагы кычкылтектин өлчөмү) дагы жакшы. Оору жеңил өттү деп айта албайм, бирок убагында өпкөнү текшерттим. Бардык маселелер боюнча байланышта болуп турдум жана мындан ары да байланышта болом. Эшикке чыга албасам да, координация колдон келет. Амандыгыңыздарды тилейм! Жакындарын жоготкондорго көңүл айтам!", - деп жазган.