Бишкекте алып-сатарлар 443 сомдук Гепариндин бир таңгагын 1800 сомдон сатып жатышат дейт окурман

Бишкектеги дарыканалардан Гепарин дарысын 443 сомго алып, аны кайра 1800 сомдон саткан адамдар бар. Мындай билдирүүсүн социалдык тармактын колдонуучусу жазып чыкты.

"Неман" өз кампасына дефицит болуп жаткан Гепарин дарысын алып келди. Таңды күтпөй эле сата башташты (азыр ар бир секунд баалуу учур). Баасы да элдин чөнтөгүнө ылайык, 443 сомдон сатышты.

Ал эми алып-сатарлар элдин кайгысынан акча иштешип бир таңгагын 1800 сомдон сатып жатышты. "Немандын" администрациясы алардан арзан алып кымбат саткан спекулянттарга жол бербеш үчүн, бир кишиге бирден гана таңгак сатыларын эскертишти. Дарыны арзан алып баасын 1800 сомго чейин көтөрүп, соцтармактарга "агама алдым эле, эжеме алдым эле, сатам" деп калп жарнама кылган алып-сатарлардын ойлору ишке ашпай калып, дарыканаларды караламайга өтүштү"
, - деп жазылат билдирүүдө.

Ал эми республикалык штабдан "Неман-Фарм" дарыканалар тармагы мамлекеттик органдардын жардамы менен COVID-19 вирусунун симптомдорун дарылоо үчүн "Гепарин" дармегинин партиясын алып келгенин маалымдашкан. "Өз кызыкчылыгы үчүн пайда көрүүнү каалаган алып-сатууларды алдын алуу үчүн дары 443 сомдон бир адамга бир эле таңгак менен сатылууда. Фармкомпаниянын айтуусунда, керектүү дары-дармектерге дефицитти болтурбоо үчүн бардык күчтөр жумшалууда. Эгерде дары-дармектердин баасын ашырып саткан учурлар болсо, Финансы полициясына 1955 номуру аркылуу билдирүүңүздү суранабыз", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Argen9899
2020-07-12 16:56:41
Олуп эле калгылачы
+6
-BOSS-
2020-07-12 17:04:30
Мындай крысалар ар дайым болуп келген, боло берет дагы, элди ойлобойт, эртеңкисин ойлобойт, өмүр бою өлбөстөй болуп, болбогон жерден пайда көрүүнү көздөшөт.
+4
Bars88
2020-07-12 17:30:29
Элдин башына иш тушкондон унду болушунча кымбаттаткан акундун ээси деле коруно алып кеткен жок.Канча акча тапты эле 2-3кундун ичинде.
+4
Abramovich
2020-07-12 17:39:21
Ошол акча силерди тешип чыгат, анда окунгонунор кеч болуп калат. Адамдардын кайгысынан акча жасабагыла. Кийин ото окуносунор.
+5
Aidar151080
2020-07-12 17:57:21
Буга окшогон акмактарды соттоп, штрф салыш керек. Өзүн ойлогон акмактар.
+1
Timurlan2017
2020-07-12 19:58:49
Ушундай сукаларга чара коруш керек. Элдин кайгысынан акча тапкандар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан