"Консул" ресторанында 100 орундуу кезектеги стационар даярдалды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
"Ресторандын кожоюну дагы бир стационарды уюштуруу үчүн банкет залын берди. Мэриянын алдындагы ишканалар кыска убакыттын ичинде штативдерди даярдашты. Акимчилик менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги керебеттерди орнотушту. Саламаттыкты сактоо министрлигинен буйрук күтүп жатабыз", - деп жазылган маалыматта.