Бүгүн, 13-июлда «Aviatraffic Company» авиакомпаниясынын Минск-Бишкек каттамы менен өлкөгө 164 Кыргыз жараны учуп келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Аталган чартердик каттамда Беларустагы жарандардан сырткары Австрияда, Бельгияда, Улуу Британияда, Германияда, Грецияда, Италияда, Литвада, Польшада, Украинада, Францияда, Филиппинде, Норвегияда, Швейцарияда, Швецияда, Түштүк Африкада окуган студенттер да бар.
Учурда чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештерибизди алып келүү иштери дагы да уланууда.