super.kg logo

Коронавирустун жеңил белгилери менен ооруган бейтаптардын мээсине олуттуу зыян келиши мүмкүн экени айтылды

 

Акыркы убакта коронавирус инфекциясы бир гана өпкөгө жана дем алуучу органдарга гана эмес, адамдын башка органдарына дагы залалын тийгизип жаткандыгы жөнүндө көптөгөн далилдер айтылууда. Ошондой эле жүрөккө, кан тамырларга, нерв системаларына жана териге дагы катуу таасир тийгизиши мүмкүн.

Британиялык невролог COVID-19 инфекциясы - илдеттин жеңил белгилери менен ооруган жана айыккан бейтаптардын дагы мээсине олуттуу зыян келтириши мүмкүн деген. Мындай изилдөөнүн автору Лондон университетиндеги колледждин изилдөөчүсү Майкл Занди. Ал жогорудагы пикирин "Brain" басылмасына билдирген.

Неврологдун айтымына караганда, коронавирус мээге жана борбордук нерв системине олуттуу зыян келтирип, психоз, шал жана инсульт ооруларына алып келиши ыктымал.

Лондон университетинин колледжинин неврологдору 40тан ашуун коронавирус менен ооруган бейтаптарга курч жайылган энцефаломиелит (мээнин сезгениши) деген диагноз коюшкан. Бул сезгенүү оорусу борбордук нерв системин дегенеративдүү (организмдин биологиялык жана психологиялык белгилеринин начарданышы) кыйроого алып келет. Мээ жана жүлүн клеткаларынын миелин (нерв кабыктарынын жумшак бөлүгүн түзүүчү май сымал нерсе) кабыгына таасир этет.

COVID-19 илдетинин ар түрдүү таасирлери

Изилдөө жүргүзүлгөн 40 бейтаптын 12си борбордук нерв системинин сезгенишинен жабыркаган. 10у энцефалопатия (мээнин фукциясынын бузулушу) жөлүү же психоз, 8и инсульт болсо, дагы 8инде нерв жабыркаган. Бул нерв клеткаларына залал келтирип, шал оорусуна жана 5 пайызын өлүмгө алып келиши мүмкүн болгон аутоиммундук реакция. Мындай татаалдыктардан улам бейтаптардын арасынан 59 жаштагы адам каза болгон.

"Коронавирус мээге чабуул жасайт. Биз буга чейин мындайды башка вирустар менен күрөшүүдө көргөн эмеспиз", - дейт Лондон университетинин колледжинин изилдөөчүсү Майкл Занди.

Анын айтымында, бейтаптар эс-тутум көйгөйлөрү, чарчоо, кулагы жакшы укпаган жана алсыздыгы бар бейтаптар невропотологго кайрылып, кеңеш алып турушу зарыл.

Өпкөсү жабыркаган бейтаптардын мээси олуттуу жабыркашы адаттан тыш көрүнүш.

Коронавирус илдети кээ бир бейтаптарда узак мөнөттүү ден соолугунда көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн. Анда көпчүлүк бейтаптар айыккан соң чарчоо, эс-тутум көйгөйлөрү менен жабыркашы ыктымал.

Изилдөөдөгү мисал

Мурун психикалык оору менен оорубаган 55 жаштагы бейтап ооруканадан чыккан соң өзүн кызыктай алып жүрө баштаган. Ал пальтосун кийип, чечип, кайталай берген. Андан кийин ал үйүндө арстан жана маймылдарды көргөндүгүн айта баштаган. Мындан улам ага оруканадан атайын дарылар дайындалган.

"Испанка" тумоосунда миңдеген адамдардын мээси жабыркаган

Британиялык неврологдор бир канча бейтаптар коронавирустан мээси жабыркап, бирок ал кийинки жылдары байкалышы мүмкүн деп кооптонушат. Изилдөөгө ылайык, 1918-1920-жылдардагы "испанка" тумоосунан кийин ушундай эле кыйынчылыктарды баштан өткөрүшкөн. Болжол менен бир миллионго жакын адамдын мээсине зыян келген.

"Албетте, мындай болбойт деп ишенели. Бирок калктын көпчүлүк бөлүгүнө таасир эткен пандемияга туш болгондуктан, биз даяр болушубуз керек", - деп кошумчалаган Майкл Занди.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(6)
13.07.2020. 20:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
170
Катталган:
30-12-2017
Соӊку аракети:
08-08-2020 04:32
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ээми ушул нерсени да ойлоп өлүп кетелиби бул жагы жетишет ушул жаман ооружан сакайфп алалычы калганын көрө жатаарбыз
13.07.2020. 20:33 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
137
Катталган:
07-05-2020
Соӊку аракети:
07-08-2020 20:53
Жынысы:
Белгисиз
+7
Окумуштуулар гөңдү гана жептир! Булардын вирус башталгандан бери ар нерсени айта берген жоромолдору түгөбөдү!
13.07.2020. 21:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1191
Катталган:
09-12-2014
Соӊку аракети:
06-08-2020 12:24
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушул мээсине залал келген окумуштуулар куйдурду откондо чиркейден да жугат деп эми жукпайт дейт эмнеси болсода Алланын айтканы болот анан Суперинфо бираз жакшы маалыматтардан жазгылачы
13.07.2020. 23:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
142
Катталган:
28-07-2012
Соӊку аракети:
08-08-2020 12:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кадамжай
+5
Поктун ысыгын жептир окумуштуулар.
14.07.2020. 09:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
22-01-2019
Соӊку аракети:
07-08-2020 22:52
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элдин башын айланткандар.балээни жептир ошолор...маалыматты жазган адам дагы
14.07.2020. 13:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
149
Катталган:
07-02-2020
Соӊку аракети:
08-08-2020 15:05
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окумуштуулар ойдон чыгарып эле айта беришет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
148676;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: