"Дары-дармек жана медицина кызматкерлери жетишсиз". Кубатбек Боронов негизги көйгөйлөрдү белгиледи

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрдү. Анда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча чаралар талкууланды.

Өкмөт башчы бүгүнкү күндө негизги эки көйгөй катары дары-дармектер боюнча кырдаалды жана медицина адистердин жетишсиздигин атады.

Ал соңку күндөрдө эл көп колдонгон бир катар дары-дармектердин жана медициналык каражаттардын партиясы өлкөгө келгенин билдирди. Өкмөт башчысы чет өлкөлөрдөгү Кыргыз мамлекетинин дипломатиялык мекемелери аркылуу зарыл болгон дары-дармектерди алып келүү боюнча маселе дагы сүйлөшүлүп жатканын белгиледи.

Кубатбек Боронов күндүзгү стационардык иштердин натыйжалуулугун, азыркы тапта бардык муктаждар медициналык жардамды жана кеп-кеңештерди өз маалында алып жатканын айтты. Күндүзгү стационарларды ачуу боюнча мындай иштер өлкө аймактарында дагы каралып жаткандыгын билдирди. Мындан сырткары ал азыркы убакта Бишкекте медициналык персонал менен камсыздалып жаткан эки түнкү стационардын ачылышы тууралуу маалымдады.

Сооронбай Жээнбеков айрым дары-дармектердин кымбатташы жана таңкыстыгы жарандардын негиздүү нааразычылыктарын жаратып жатканын белгиледи.

"Биз дары-дармектин запасы менен камсыздашыбыз керек. Бул багытта фармацевтикалык компаниялар менен тыгыз иштөө кажет, калк тиешелүү дары-дармектер менен камсыздалышы шарт", - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы медицина кызматкерлерин колдоо маселесине дагы өзгөчө көңүл бурду.

"Медкызматкерлердин, анын ичинде ооруп калган дарыгерлердин айлык акылары жана компенсациялык төлөмдөрү күттүрбөстөн берилиши керек. Албетте, алар өз маалында ысык тамак-аш менен камсыздалышы зарыл", - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент бардык ресурстарды мобилизациялоо менен медициналык кадрлар резервин толуктоо боюнча иш жүргүзүүнүн маанисин баса белгиледи.

Ошондой эле ыктыярчылар жана жарандык активисттер менен натыйжалуу кызматташууну жолго коюу зарылдыгына токтолду.

Жыйында Сооронбай Жээнбеков жарандардын компьютердик томографиядан өтүүсүнүн жеткиликтүүлүгүнө, мындай кызмат көрсөтүүнү мамлекеттик медициналык мекемелерде камсыз кылууга көңүл бурду.

Премьер-министр медициналык мекемелерди компьютердик томографиялык жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди. Биринчи жарым жылдыкта мындай жабдуудан алтоо алынган, Бишкек боюнча азыркы тапта он эки жабдуу бар. Облустардагы медициналык мекемелерди мындай жабдуулар менен камсыз кылуу планда бар.

Ошону менен бирге "Тез жардам" каретасын сатып алуу жана абалы оор бейтаптар үчүн жандандыруу бөлүмдү аймактарда көбөйтүү маселелери иштелип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан