Баткен облусунун Лейлек РИИБнин милиция кызматкерлери менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, ыктыярдуу элдик кошундар биргеликте жапайы өскөн кара куурайларды өрттөштү. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Суу жээктеринде, кароосуз калган ээн талаада өскөн жапайы кара куурайларды жок кылуу максатында 3 мобилдик топ түзүлүп, Катраң, Лейлек жана Бешкент айыл аймактарында чогуу иш алып барышты.
Жыйынтыгында жалпы 3 гектар жер көзөмөлгө алынып, 2 тонна жапайы өскөн кара куурай өрттөлүп жок кылынды. Бул иш-чаранын биринчи этабы 12-июлда жыйынтыкталды.