Кытайда сутка ичинде 6 адамдан COVID-19 илдети аныкталды

Кытайда акыркы бир сутка ичинде 6 адамдан COVID-19 илдети аныкталды. Бул тууралуу Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы берген маалыматка таянып, дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары жазышууда.

COVID-19 илдети жаңы аныкталгандардан ичинен 4 адамда вирустун симптомдору жок болсо, 2 бейтап вирустун симптомдору бар алып жүрүүчүлөр. Ал эми 19 адам сакайып, ооруканадан чыккан.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кытайда 85 миң 226 адам вируска кабылган. Алардын ичинен 79 миң 967 бейтап оорудан сакайса, 4 миң 642 адам каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aika1988
2020-07-15 12:58:58
Кытайда 85мин ал эми Америка Германияда өтө көп акыркы учурда Кытайда аз эле катталып жатат .Дүйнөгө жайып коюп отурушат эми булар вакцина дарыларын табышкан да ошого токтоду азайды.Дуйно жүзү кыйналып жатышат.Айрыкча Кыргызстан себеби дарыгерлер аз кообу вирус жуктуруп алып жатышат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан