Бүгүн, 15-июлда Баткен облусунда сутка ичинде 66 адамдан коронавирус аныкталып, облус боюнча рекорддук көрсөткүч катталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде облус боюнча 66 адамдан коронавирус аныкталып, жалпы 421 адамга жетти. Сутка ичинде облус боюнча коронавирус аныкталган адамдардын ичинен:
Баткен району жана Баткен шаарында - 27 (жалпы 121);
Сүлүктү шаарында - 2 (жалпы 6);
Кадамжай районунда - 19 (жалпы 110);
Лейлек районунда - 18 (жалпы 92).
Облус боюнча изоляцияда 93, амбулатордук изоляцияда 131 жаран бар. Ал эми жалпы 80 адамдан пневмония аныкталды.
Бүгүнкү күнгө чейин Баткен облусу боюнча коронавирустан 9, пневмониядан 5 адам каза болду.
Баткен облусу боюнча буга чейинки рекорд 13-июлда катталган. Анда 43 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталган.