Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов эс алууда жүрүп кармаган балыктарын Ашхабад шаарындагы балдар үйүнө берди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, президенттин берген балыктарына балдар абдан кубанышкан.
Эске салсак, 7-июлда Түркмөнстандын президенти аталган өлкөгө дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү коронавирус инфекциясын изилдөө үчүн барары менен эс алууга чыгып кеткен.
Түркмөнстанда коронавирус инфекциясы расмий түрдө каттала элек.