Кыргыз өлкөсү коронавирустан каза болгондордун саны боюнча дүйнөлүк рейтингде 31-орунда

Бүгүн, 20-июлга карата Кыргыз өлкөсүндө коронавирус жана пневмония жуктуруп алгандардын саны 611 кишиге көбөйүп, дагы 34 бейтап каза болду. Муну менен өлкөдө коронавирус жана пневмония жуктуруп алгандардын жалпы саны 27 миң 143кө жетти. Ал эми каза болгондордун саны 1037 адамды түздү. Бул көрсөткүч менен Кыргыз өлкөсү каза болгондордун саны боюнча дүйнөлүк рейтингде 31-орунга жайгашты. Бул тууралуу коронавирустук абалга көз салып жаткан дүйнөлүк сайтына жарыяланды.

Андагы статистикалык маалыматка таянсак, Кыргыз өлкөсү коронавирустан каза болгондордун саны боюнча Португалиядан кийинки 31-орунда турат. Статистикага ылайык, катталган өлүмдөрдүн саны боюнча алдыңкы ондукта Сан-Марино, Бельгия, Андорра, Улуу Британия, Испания, Италия, Швеция, Франция, Чили жана АКШ турат. Ал эми коңшу Казакстан 99-орунда экендиги көрүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Qwer007
2020-07-20 21:34:29
Кандай гана окунучтуу....
+7
Nurik1988
2020-07-20 21:48:12
Болунгон акчаны жесенер дагы, 1 оорунга чыгабыз тойуп жарылып кетпединерда силер
+9
MDF
2020-07-20 21:58:59
Ото- ото окунучтуу
+2
oscar
2020-07-20 22:05:46
Футбол боюнча ушундай болсо гана
+1
suban78
2020-07-20 22:30:29
Кыргыздар эмне ушунчалык эле жаман элбизби. Бир Манас чыкпады го арабыздан. Бут эле ууру-кескилер, элин ойлобой оз жанын ойлогондор бийликте. Биз уюткулуу элбиз коккуй, кылым карыткан тарыхыбыз бар элбиз деп коюп аягы эмне болтат. Жерлерибиз сатылып жатат, минтип балээ келгенде туруштук бере албай отурабыз.
+15
Kylychisa
2020-07-21 00:03:34
Супер кж эмне кунунор рекламага калдыбы конул тушургон жанылыктарга рекламанар да кошумча болуп атат
+8
AdylbekB84
2020-07-21 00:36:44
Күнөө элдин өзүндө дагы бар, вирустун бар экенине ишенишпей канча жүрдүк, өткөзүп бердик!
+1
tina-Tin
2020-07-21 01:14:14
Жегичтер эч болбосо ушул ооруга тушкон акчадан жебей койсонор эмне болот эле. Кудайдан да кичине коркуш керек. Жесенер да азыраак жеп эл учун да иштеп койгулачы силерден сураныч. Силердин деле урпактарынар кийин ушул жерде жашайтго. Экономикасы кучтуу мамлекет болсок силер деле башынарды которуп журосунор башка мамлекеттердин алдында.
+2
Serenada
2020-07-21 07:22:42
tina-Tin,тан калам ооруну окмот алып келип жугузуп жаткан жери жок да окмоту укпай оз билемдик кылган озубуздо куноо эмнеге биз дайым бироону куноолого даяр турабыз.
0
Bars88
2020-07-21 09:22:49
Serenada,Элде каяктагы куноо уйдон чыкпагыла деди бут Кыргызстан 2 айдан ашык уйдон чыкпай отурдук.Мына азыр деле оруугандар барса кийин кел дейт кийин кабыл албай.Кийин эртерек келсе сактап калат элек кеч келди деп элди куноолу кылышат.Куноолу ошондо эл болобу аралыкты сактап 2 ай уйдон чыкпаган
+1
temirov76
2020-07-23 22:13:06
Serenada,кыргыздар кыйналбасын деп чет өлкөдөн миллион миллион акчалар келген,ошол акчалар керектүү жакка жумшалса мынчалык оорчулук болмок эмес.Эми буга ким күнөөлүү?
0
bazar
2020-07-21 08:20:06
Япониядан алдыдабыз
+1
akmanai
2020-07-21 09:09:43
Дагы деле кочодо маскасы жок жургондорду жада калса кичинекей балдарын маскасы жок эле алып жургондорду коруп куйбогон жерин кул болот экен(((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан