Кубатбек Боронов: "Бишкек жана Ош шаарларында ооруканалардын курулушун ушул аптанын ичинде баштоо керек"

Бишкек жана Ош шаарларында 100 орундуу эки оорукананы куруу иштерин тез арада баштоо керек. Мындай тапшырманы премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын жыйынында берди.

Премьер-министр белгилегендей, эки шаарда курула турган ооруканалардын орду жана долбоору даярдалууда.

"Бишкек жана Ош шаарларында ооруканалардын курулушун ушул аптанын ичинде баштоо керек. Бул иштерге өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жооптуу. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги аталган медициналык мекемелерди тийиштүү жабдуулар менен камсыз кылуусу зарыл", - деди Кубатбек Боронов.

Республикалык штабдын отурумунда өлкө аймактарында колдонулбай турган бош имараттардын багыты өзгөртүлүп, ооруканага ылайыкташтырылары дагы айтылды.

"Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттиги менен биргеликте колдонулбай турган имараттарды тез арада оңдоп-түздөөдөн өткөрүүгө тийиш. Алар бир айдын ичинде медициналык мекеме катары иштей башташы керек. Ооруканалар 100 бейтапка ылайыкталып, анын ичинен 25-30у жандандыруучу орун болсун", - деди өкмөт башчы.

Жыйындын жүрүшүндө республикалык ыкчам штаб тарабынан берилген аймактарда кошумча орундарды даярдоо боюнча тапшырманын аткарылышы талкууланып, премьер-министр Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын жетекчилеринин бул багыттагы ишине сын айтты.

Ошондой эле отурумда тармактык мамлекеттик органдарга эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча көрүлүп жаткан иш-аракеттерди күчөтүү тапшырмасы берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
gute
2020-07-21 14:14:43
Эмиби? Биротоло баары кырылып калганда баштасанар болмок. Башка олколордой эчак эле салып даярдаш керек болчу. Убагында салып убагында даярданганда азыркыдай оор кырдаал болмок эмес.
+1
tilek121277
2020-07-22 00:31:50
Таз тарангыча той таркайт дейби эле
0
algakaray
2020-07-23 06:04:50
Жуз орундуу аз эмеспи? Келип аткан акчаларга чон эле кылып салса деле жетмек акча
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан