Бүгүн, 21-июлда президент Сооронбай Жээнбеков ыктыярчылар менен жолукту.
Телеалпаруучу Эркин Рыскулбеков SUPER.KG порталына билдиргендей, суроолордун көбү сын иретинде болду.
"Жолугушууга 12 ыктыярчы катышты. 40-50гө жакын суроолор берилди. Мени кубандырганы суроолордун көбү сын иретинде берилип, эч кандай мактоолор болгон жок. Маселелер көп айтылды. Алардын ичинен негизгилер чет мамлекеттен келген донорлук жардам, насыя боюнча болду. "Бул каражаттар боюнча эмне үчүн толук отчёт көрбөй жатабыз?" деген суроо берилди. Ошондой эле сын-пикир айтып чыккан дарыгерлерди куугунтукка алып, басмырлоо болуп жатканы айтылды.
Мен мамлекет башчысын "Маалыматтык манипуляциялоо жөнүндө" мыйзамына вета киргизип, кол койбоону өтүндүм. Президент мыйзам жаңы келип түшкөнүн айтып, карап жооп бере турганын билдирди.
Көптөгөн чыгаан инсандар пандемиядан өтүп кетти. Алардын элесин урматтап, улуттук аза күтүүнү өткөрүү сунушумду президент туура деп кабыл алды", - дейт Рыскулбеков.