UFC уюмунун чемпиону, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов машыктыруучусу жана атасы Абдулманап Нурмагомедов каза болгондон бери алгачкы жолу үн катты. Мушкер бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Сизди сагындым. Ата, сиз мага дос, бир тууган, машыктыруучу болгонсуз. Сиз мага колумдан келгендин бардыгын үйрөттүңүз. Мен ойлойм, сиз мага ыраазысыз. Ата-эненин ыраазычылыгы - бул Алланын ыраазычылыгы", - деп жазган Хабиб.
Эске салсак, Орусиянын эмгек сиңирген машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов 3-июлда Москвадагы ооруканалардын биринде коронавирустан каза болгон.