Интернет желесинде Түркиянын Стамбул шаарындагы аэропортто кыргыз балдары ыйлап отурган видео тарады.
Видеодо балдар учактан калып, ыйлап отурганын көрүүгө болот. "Биздин курсагыбыз аябай ачка. Биз эшикке чыга албай же эч жакка бара албай жатабыз. Биздин учагыбыз учуп кетти. Биз апабызды сагындык. Апабыз Кыргыз өлкөсүндө ооруп жатат", - деп ыйлап жатышкандарын угууга болот.
Бул окуя тууралуу Тышкы иштер министрлигине байланышканыбызда, бул окуя боюнча маалымат такталып жатканын билдиришти.