Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова кызматынан бошотулду

Татьяна Кузнецова Бишкек шаарынын социалдык маселелер тармагын тейлеген вице-мэрлик кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка шаар башчысы Азиз Суракматов кол койгонун бүгүн, 28-июлда мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекемеден билдиргендей, Татьяна Кузнецова жазган арызынын негизинде кызматынан бошотулду. Бул кызматты "Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасынын жетекчиси Виктория Мозгачева ээлейт.

Татьяна Кузнецова вице-мэр кызматына 2019-жылы дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан