"Кыргыз өлкөсүндө пандемиянын экинчи толкунуна даярдануу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат" деди өкмөт башчы

Кыргыз өлкөсүндө пандемиянын экинчи толкунуна даярдануу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн брифингде билдирди.

"Пандемиянын экинчи толкуну боюнча коомчулукта чоң талкуулар, сөздөр болуп жатат. Кыргыз өлкөсүндө экинчи толкунга даярдануу боюнча иш-чараларды баштаганбыз. Азыр дагы иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Мисалы, биринчи толкунду өткөрүү үчүн башка тармактарда иштеп жаткан ооруканаларды, бош турган имараттарды ылайыкташтырып иш жүргүзүп келгенбиз. Президенттин тапшырмасы менен бардык региондорго 100 орундуктан кем эмес жаңы инфекциялык ооруканаларды ачуу боюнча иши жүрүүдө. Бишкек, Ош шаарларында оорукана куруу иштери башталды",
- деди Боронов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kuban-1207
2020-07-28 16:54:26
Көзү ачыктай эле экинчи толкун дейт экинчи толкун болбойт
0
bazar
2020-07-29 12:56:52
Kuban-1207,а, сен өзүң деле көзү ачыктай "болбойт" депсин
0
bazar
2020-07-29 12:57:46
Коронавирус жок деп отуруп көрдүңөр "жок" экенин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан