Июнь окуясы боюнча соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров 25-июлда №47 түзөтүү абагынын ооруканасында көз жумган болчу. Бүгүн, 31-июлда анын сөөгү Өзбекстанда жерге берилгенин жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Аскаровдун сөөгү Ташкент облусунун Янгибазар айылына коюлду, жансыз дене "Достук" көзөмөл өткөрүү бекети аркылуу Өзбекстанга өткөрүлгөн.
"Сөөктү маркумдун аялы коштоп келди. Аны бул жактан баласы тосуп алды. Аскаров көз жумарында аны Өзбекстанга көмүүнү керез кылган. Мындан тышкары анын жакындары Аскаровдун мүрзөсү вандализмге тушугат деп чочулашкан", - деп жазылат маалыматта.