Оор кылмышка шектелип, эл аралык издөөдө жүргөн "Хизбут Тахрир" уюмунун мүчөсү Кыргыз өлкөсүнөн кармалды

КМШ өлкөлөрүнүн бири оор кылмышка шектүү катары эл аралык издөө жарыялаган, "Хизбут-Тахрир аль-Ислами" уюмунун мүчөсү Кыргыз өлкөсүнөн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 30-июлда Кыргыз өлкөсүнүн аймагында тыюу салынган уюмдун мүчөсү, 34 жаштагы Х.Р. кармалган. Ал Борбордук Азия өлкөлөрүнүн биринин жараны.

"Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмдун иш-аракеттерине бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-аракеттердин алкагында, аталган уюмдун мүчөсү кармалды. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда аны мындан аркы жоопкерчиликке тартуу үчүн тиешелүү органдарга өткөрүп берүү иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
i1urp
2020-08-03 12:57:39
Ар кайсы диний жомокторго ишенип ашкере фанатизмге берилип кереги жок.
0
Akoga
2020-08-03 13:13:12
Жакшылап сакалчандарды карасаңар дагы далайлар ушул Кыргызстандан чыгат болуш керек.
+1
sinej
2020-08-03 13:20:06
Адамдын сабатсыздыгы, билимсиздиги ар кандай диний догмаларга ишенууну пайда кылат. Билим алсыз жерде, диний фанатизм дайыма кожоюн болуп турат.
0
talaa11
2020-08-03 13:26:21
Мындай адамдарды катуу текшербесе Кыргызстанда да теракт уюштуруп жибериши мумкун
0
Rusi79
2020-08-03 17:15:07
Козомолду ото кучотуш керек анпесе Сирияга айланып калабыз,Дин ислам менен экстремизмдин жана ашыкча диний фанатизмдин айырмасын элге жеткириш керек.Баардык нерсенин чеги болуш керек.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан