Бишкекке Ирандан Кыргыз жарандары кайтып келди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Дүйнөдө COVID-19 пандемиясына байланыштуу эл аралык жүргүнчү авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан жана чек аралардын жабылышынан улам чет элдик мамлекеттерден Кыргыз жарандарын кайтаруу боюнча президентинин жана өкмөтүнүн тапшырмаларын ишке ашыруунун алкагында, 2020-жылдын 3-августунда Тышкы иштер министрлиги Казакстан менен биргеликте Иран Ислам Республикасынан 16 Кыргыз жаранын кайтарып келүү иши аткарылды.
Биздин жарандар Тегеран шаарынан «Kish Airlines» Иран авиакомпаниясынын чартердик рейси менен Алматы шаарынын эл аралык аэропортуна учуп келишти, ал жактан алар Бишкек шаарына атайын унаа менен чыгарылды.
Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.