18-июль күнү Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарынан өз үйүбүзгө кеттик деп кеткен Базар-Коргон районунун Аук айылынын тургундары 2004-жылы туулган Сабырбекова Нурзада Нуралиевна жана 2005-жылы туулган Сабырбекова Нурзия Нуралиевна Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти.
"Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жарыяланган маалыматтан соң бир тууган кыздардын болжолдуу жүргөн жери аныкталган. Ноокен РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө, издөө иштеринин натыйжасында өспүрүм кыздар Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан табылып, Ноокен районуна алып келинип, апасына өткөрүлүп берилген. Кыздарды сураган учурда Кызыл-Кыяга тааныштарыныкына кетип калгандыгын билдирген.
Өспүрүмдөрдүн апасы кыздары аман табылганына сүйүнүп, милицияга жана жакындан колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирди", - деп билдиришти мекемеден.
Буга чейин, 18-июлдан бери эки бир тууган кыздар дайынсыз болуп жаткандыгы кабарланган.