"Ухан вирусу": Дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясынан каза болгондордун саны 691 миң 352ге жетти

Бүгүн, 4-августка карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 18 миллион 187 миң 396 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 10 миллион 841 миң 436 бейтап айыгып чыкса, 691 миң 352 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 4 миллион 712 миң 305 адамдан коронавирус аныкталды.155 миң 379 адам каза болсо, 1 миллион 513 миң 446 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 2 миллион 733 миң 677 адамдан аныкталды. 94 миң 104 адам каза болсо, 2 миллион 93 миң 405 бейтап айыкты.

Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 1 миллион 803 миң 695 адам вируска кабылган. 38 миң 135 бейтап көз жумса, 1 миллион 186 миң 203 бейтап оорудан сакайган.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан