Нарын шаарындагы жаңы оорукананын жер иштери башталды

Нарын шаарындагы эксперименттик тез чыгарылуучу жугуштуу оорулар ооруканасын куруу боюнча жер иштери башталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы мезгилде имаратты пайдубалдын негизинде куруу үчүн чуңкурлары казылып жана фундаменттин таманына пайдаланыла турган шагылдуу топурактар тартылып келинип жатат. Ошондой эле долбоорду натурага чыгаруу боюнча иштер аткарылды.

Мурда белгилүү болгондой, 70 орунга эсептелген жаңы имараттын курулушу республикалык бюджеттен каржыланат. Долбоор боюнча бул саламаттыкты сактоо объектиси бир кабаттуу болот, анын узундугу 73 метр, туурасы 28 метрди түзөт. Имаратты куруу учун Нарындын аба ырайын, климаттык шартын эске алуу менен жеңил конструкцияда курулары пландаштырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kechirmeni
2020-08-05 09:28:34
тыкыр козомолдоп туруш керек ооноп жей койчу адатыбыз бар эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан