Орусиядан 2 жарым миң Кыргыз жараны автобус менен мекенине келе жатат

Орусиянын Оренбург облусундагы 2 жарым миңдей Кыргыз жараны Казакстан аркылуу мекенине кайтып келе жатышат.

Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 1101 адам отурган 20 автобус 4-августта жолго чыккан. Ал эми 5-августта дагы 23 автобус менен 1356 жаран жолго чыкты.

"Коронавирус эпидемиясына байланыштуу чек аралар жабылып, өлкөлөр ортосунда каттамдын бардык түрү токтогон. Өкмөт аралык сүйлөшүүлөрдүн негизинде учактар үчүн чартердик каттамдар гана уюштурулуп, Орусиядагы мигранттардын айрымдары Казакстан аркылуу автобус менен келе жатышат", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги туруктуу авиакаттамдар ачыла электигин, Орус-Казак чек арасы жабык турганын белгилеп, мигранттарды чыдамдуу болууга, Казакстан менен чек арага барбоосун суранып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bekalife
2020-08-05 20:10:55
Байкуш кыргызым
-2
Ali-han
2020-08-05 21:12:49
Кийинкисинде чогулат окшойбуз кайра. По любому алып кетет экен деп))
+7
maks992
2020-08-05 22:47:00
аа жакшы чогулуп турабергиле дагы эми 6000 болгула
0
bazar
2020-08-06 13:54:36
Кыргызстанга келип алып ишсиз калдык дейт кайра даттанышат анан
+1
DNurgiza
2020-08-06 18:14:01
Жетейин дештиби, кимде кабар бар?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан