Насыялык каражаттарды алууга тийиштүү шарттар жөнөкөйлөштүрүлөт. Бул туурасында бүгүн, 5-августта премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.
"Иштеп жаткан банктардын бирин экспорттук-импорттук банкка айландыруу – көптөн бери күн тартибинде турган маселе. Бүгүнкү күндө бул маселенин актуалдуулугу жогорулады. Мындан тышкары насыя алууга тийиштүү шарттар жөнөкөйлөштүрүлөт. Тобокелдиктерди эске алуу менен максималдуу түрдө элге жана ишкерлерге насыя алуунун шарттарын жөнөкөйлөтүшүбүз керек", - деп белгиледи Кубатбек Боронов.