Сасык тумоого каршы эмдөө сентябрь айынын аягынан баштап жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
"Алгачкы кезекте, тобокелдик тобуна кирген адамдарга жасалат. Алар 65 жаштан жогорку курактагы адамда, өнөкөт оорулары барлар, медкызматкерлер жана башкалар. Ошондой эле жеке медициналык борборлору менен №6 жана №8 үй-бүлөлүк медициналык борборлорунан вакцинаны акы төлөп алууга болот", - дейт Акматова.