Ливандын борбору Бейрут шаарында турмушка чыгып жаткан кыз видео жана сүрөткө түшүп жатканда жарылуу орун алган. Бул тууралуу видео интернет желесине тарады.
Үйлөнүү үлпөт тоюн сүрөткө жана видеого тартып жаткан фотограф Себлани Махмуд Накиб тарткан кадрлар өзгөчө учурду эң жаман учурга айландырган. Видеодо кыз үлпөт тою өтүп жаткан жерден алыс эмес жерде жылмайып сүрөткө түшүп жатканын көрүүгө болот. Ошол учурда жарылуу болуп, кыздын гүлдестесин шамал учуруп кеткен жана фотограф имаратка жашынган.