Борончу Кудайбергенов: "Кайрат айтып, жакшы адам эле дегендерди окуп, кубандым”

Жакынкы күндөрү белгилүү куудул Борончу Кудайбергенов каза болуптур деген кыңыр кепти көпчүлүгүбүз эле уксак керек. Кийин бул маалыматтын жалган экендиги айтылган. SUPER.KG порталы куудул менен байланышып, жашоосундагы акыркы жаңылыктары тууралуу маектешти.

Борончу Кудайбергенов

- Саламатсызбы. Алгач эле, айтсаңыз "белгилүү куудулдун көзү өтүп кетиптир" деген маалыматты укканда кандай абалда болдуңуз?

- Бул кабарды өзүм курман айт күнү үй-бүлөм менен олтуруп чогуу уктук. Мындай кабар мага Жараткан тарабынан "жалган жашоодо эмне кылдың?" деген суроо бергендей, эскертүү берип жаткандай башкача сезимде болдум. Өзү бул вирус деле биз үчүн чоң эскертүү болду, адамга өлүм бар экенин, ошондой эле ден соолуктун баркын билүү, күнүмдүк байлык, бийлик, дүнүйө деген убактылуу нерсе экенин далилдеди. Шариятта айтылгандай, "адам күнүнө оокат деп чуркап жүргөн жакшы нерсеңден ооруну жиберип алыстаттым дагы, өзүмө чукулдаттым" деп Жараткан айткан экен. Муну менен айтайын дегеним, адамдын алсыз экендиги, ага байлык, жаштык дагы жардам бере албасын көрсөттү. Ушунун өзү эле баарыбызга сабак болду. Ал эми жогорудагы маалыматты таратты деген Марлен Жолдубаев аттуу бала менен сүйлөштүм. Анын атынан баракча ачып жазып коюшуптур. Ал өзү биздин Кыргыз өлкөсүнүн курама командасында футболчу жигит экен. Ал мага чалып кечирим сурады.

- Көбүнчө интернет колдонуучулар бул жаңылыкка ишенип ыйлап, айрымдары Куран дагы окушканын айтып жатышты. Мындай реакцияны кандай кабыл алдыңыз?

- Баягы сиз айткандай кайрат айтып," жакшы адам эле" деп бейиштен орун тилеп аткандарын окуп алып бир чети кубандым. Жакшы тилектери үчүн аларга рахмат! Мага жакты (күлүп). Ал эми бул нерсе баягы намаз окубаган адамга катуу тийиши мүмкүн. Мен туура эле кабыл алдым. Кээде тойго барганда кел эми куран окуп коёлу десең чочуп кетишет, не бирөө өлдү беле деп. Бирок түпкү мааниси жакшы дегеним. Мен бул нерсени өзүм өлгөндөн кийин, мага ушундай сөздөр айтылат экен да дегендей кабыл алдым. Адам өлүм алдында эмнени жакшы көрсө, ошол эсине келет экен. Келме болсо ошол мээсинде тура берет, дүйнө байлык жана башка эмне болсо, жанагы компьютердин ичине деле эмнени киргизсең аны күйгүзгөндө ошол нерсе чыгат да. Ошондуктан мээдеги флешкага жакшы нерселерди сакташ керек.

- Буга чейин депутаттыкка барам деп калчу элеңиз. Быйыл эмнегедир тынчсыз, элдин баарына түшкөн сунуш сизге кантип түшпөсүн?

- Партиялардан сунуш түшүп жатат, бирок кайсы партия экенин азыр айтпай турайын. Шайлоодон кийин айтам. Мен шайлоого өзүм барбайм. Анткени өзүм ишенген таза, мекенчил досум бар. Эгер ал шайлоого барам десе, колдоо көрсөтөт элем.

- Учурда эмне иштер менен алек болуп жүрөсүз? Алдыдагы пландарыңыз кандай?

- Өзүм чыгармачылык менен эле алекмин. Учурда шайлоого карата саясый тамашалуу роликтерди даярдап жатам. Андан тышкары ислам жаатында дагы адамдардын жакында эле пандемияга байланыштуу боорукерлигин, кайрымдуулугун, адамгерчилик менен жардам берген адамдар же баалуулуктар тууралуу чакан роликтерди тартып баштадым.

- Куудул кесиптештериңизден бирөөсүн шайлоого чыгаралы деген ой жокпу?

- "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясына кесиптешибиз Рахман Разыков агайыбыз барганы жатат. Ал эми башка куудулдар боюнча уга элекмин. Эгер Рахман агай барып кала турган болсо, эми эл өзү деле билип калса керек, саясатка кандай жөндөмү бар экенин. Чыгармаларынан деле билип жүрүшөт да. Негизи куудулдар чындыкты күлкү менен жеткирет. Ар бир тамашанын артында бир чоң чындык жатат. Анда элге күлкү катары жеткиребиз деген менен чындап түшүнгөн, киши ыйлай турган маселелер айтылат. Ошондуктан көрүүчүлөр бизди "сен артиссиң, клоунсуң, маскарапозсуң" деп жеңил желпи карабашы керек.

- Саламаттыгыңыз тууралуу айта кетсеңиз, ден соолугунуз жакшыбы?

- Ден соолук абдан жакшы. Элге тийген илдет бизге да тийди дегендей, мен дагы оорудум. Көпчүлүгүбүз жеңил түрү менен оорудук дегендей. Мен да жыт, даам сезбей, алсырап кыйналдым. Ушул нерсе жок болсо дагы жашоо кызыксыз болуп калат экен. Жесең кагаз жегендей болуп! Ошол учурда Орусиядагы досума чалып, "Пандемия деген мага да келди окшойт, Индустар жыттанбай калды десем, сен Кытай жыттап көрбөйсүнбү", - дейт.

- Тынар Курбаналиевдин абалын сурап жаткандырсыз...

- Ал жакшы болуп калды, айыкты буюрса. Мен бир досума тамашалап атпаймынбы, 4-5 күн болуп кетти, мен өлсөм топурак деле салмак эмес окшойсуң десем, "кыркыңа деле бармак эмес экенмин меники простой телефон да, уккан жокмун" дейт. Анын сыңары кимде интернет жок болсо, ошол адам жаңылык деле укпай калат экен.

- Маегиңизге рахмат! Ийгиликтер болсун.

- Сиздерге дагы рахмат! Эч ким оорубасын.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bars.
2020-08-06 22:44:04
компту туура мисал кылыптыр, мага жакты.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан