Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко ага коронавирус инфекциясы атайын жуктурулган болушу мүмкүн экендигин айтты. Бул тууралуу президент украиналык журналистке маек берип жатып билдирген.
"Мага коронавирус атайын жугузулган болушу мүмкүн. Учурда териштирип жатабыз", - деген Лукашенко.
Коронавирус инфекциясы аныкталганын президент өзү 28-июлда билдирген. Анын айтымында, оору эч кандай симптомдору жок өткөн.