Орусиянын "Роскосмос" корпорациясы Ливандын борбору Бейрут шаарынын жарылуу катталганга чейин жана андан кийинки сүрөтүн жарыялады.
Маалыматка ылайык, биринчи сүрөт 2019-жылы ноябрь айында тартылган. Ал эми экинчи сүрөт Орусиянын "Канопус-В" спутниги тарабынан жарылуудан кийин тартылды.
Жарылуудан кийин Ливандын экономика жана соода министри Раул Нахме жарылууну өлкө бийлиги каржылык жактан көтөрө албай тургандыгын билдирген.