Биринчи Май райондук сотунда Курсан Асановдун кылмыш иши каралат

Бүгүн, 7-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун кылмыш иши боюнча сот отуруму өтөт.

Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан маалымдашты.

"Курсан Асановдун иши боюнча процесс бүгүнкүгө саат 13:30га белгиленген", - деди маалымат катчы.

13-августта Курсан Асанов "милициянын кызыкчылыгын сатты" деген жүйө менен министрдин орун басары кызматынан бошотулган. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы министр Кашкар Жунушалиев Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда аны менен жалпысынан 3 жолу сүйлөшүү жүргүзгөнүн, министр макул кылдырган соң гана ал ишке Курсан Асанов аралашканы тууралуу маалымат тараткан.

Башкы прокуратура Курсан Асановдун иши боюнча кызматтык иликтөөнүн материалдары менен таанышып чыгып, ал материалдардын негизинде "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши ачылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан