Колледждерге кабыл алуунун II туру башталды

Бүгүн, 7-августта орто кесиптик билим берүү системинин окуу жайларына кабыл алуунун экинчи туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Быйылкы жылы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алуу онлайн жүргүзүлүүдө. Абитуриенттер Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан атайын иштелип чыккан https://spuz.edu.gov.kg/системада катталышат.

Катталуу үчүн колледжди, адистикти тандап, өтүнмө берүү зарыл. Андан кийин керектүү талаачаларды толтуруп, сканерден өткөрүлгөн күбөлүктү же аттестатты жана сүрөттү тиркеп, "Каттоо" баскычын басуу керек.

Онлайн кабыл алуунун биринчи туру 13-июлдан 30-июлга чейин өткөрүлдү. 1-турдун жыйынтыгы боюнча 22 миң 70 өтүнмө катталды.

Документтердин түп нускаларын студенттер орто кесиптик окуу жайларына окуу жылынын башында бериши керек.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан