Ок тийген 65 жаштагы адамга операция жасалды. Кыргыз-Тажик чек арасында жабыркагандардын абалы айтылды

Кыргыз-Тажик чек арасындагы чырдан эки адам жабыркаган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришкендей, жаракат алган жоокердин абалы туруктуу. Ал Баткен облустук травматология бөлүмүндө жатат. Ал эми экинчи жабырлануучу болгон 65 жаштагы жергиликтүү тургундун абалы операциядан кийин орточо деп бааланууда. Жергиликтүү тургун дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Кечээ, 6-августта эртең менен чек арада жаңжал чыгып, натыйжада Кыргыз өлкөсүнүн бир жоокери жаракат алган. Ал эми Тажикстандын маалымат булактары чырдан бир жараны каза болгонун жазып чыккан.

Ошондой эле 6-август күнү кечки саат 18:30 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш жана Чоркух айылы менен чектешкен жер тилкесинде аталган айылдын жашоочусу, 65 жаштагы Р.М. өзүнүн үлүш жер тилкесинде иштеп жүргөн жеринен Тажикстан тараптан белгисиз адам ок атуучу курал менен жашоочуга карата ок чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан