Тажикстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны өзгөргөн жок. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бир суткада коронавирус жуктуруп алгандар болгон жок. Илдетке кабылгандардын саны 7 миң 706 адамды түзөт. Анын 6 миң 484ү бүгүнкү күндө айыгып чыккан. Ал эми каза болгондордун жалпы саны 62 бойдон өзгөргөн жок.
Дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын жуктуруп алган адамдардын саны 19 миллиондон ашты.