Тажикстан менен Кыргыз өлкөсүнүн чек арасындагы Ленин чокусун тазалоо иштери жүрүп жатат

8-августтан 25-августка чейин Ленин чокусунда таштандыны тазалоо боюнча акция башталды. Акция Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаменти тарабынан демилгеленип, Швейцария Ѳкмѳтүнүн, Евросоюз, Хельветас Кыргызстан, Ага Хан фонду жана ПРООНдун финансалык колдоосунда өтүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Ага ылайык, донорлор тарабынан иш-чарага 17 миң 620 доллар бѳлүнгѳн. Бул каражаттар альпинист-гиддерди тамактандырууга, жатаканасына жана алардын кызмат акысын тѳлѳѳгѳ, чогултулган таштандыларды Ленин чокусунан Даарот-Коргон айылында таштанды полигонуна чыгарууга кап, кол кап жана башка керектүү жабдыктарга жумшалат.

2018-2019-жылдары Кыргыз өлкөсүнүн альпинисттик клубунун Нэпиер Эдинбург Университети менен биргеликте ѳткѳрүлгѳн изилдѳѳлѳрүнѳ ылайык Ленин чокусунда экологиялык кырдаал оор абалда болгондугу аныкталган.

Бүгүнкү күнгѳ, альпинисттик туризмдин натыйжасында Ленин чокусунда советтик мезгилинен бери абдан кѳп таштанды чогулган. Ушуга байланыштуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаменти таштандыны мезгилдүү тазалоо, лагерлердин талаптагыдай санитардык абалын сактоону камсыз кылуу жана Ленин чокусунда экологиялык абалын кѳзѳмѳлдѳѳсүн уюштурууну ѳз алдына милдет кылып койгон.

Тазалоону уюштуруунун татаалдыгы катары 3600-6300 метр бийиктикте альпинисттер лагерлери жайгашкан. Ушуга байланыштуу таштандыларды тазалоо бир гана кесипкөй альпинисттердин катышуусунда жана координациалоосунда гана мүмкүн.

Мамлекеттик органдардын, Чоң-Алай районунун ѳз алдынча башкаруу органдарынын, Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн, Ленин чокусунун туроператорлордун ассоциациясынын жана эл аралык уюмдарынын катышуусу менен биргелешкен кеңешмелеринин жана талкулоолорунун жыйынтыгында Ленин чокусунун аймагын булгоону алдын алууга жана Ленин чокусунун экологиялык абалын кѳзѳмѳлдѳѳ механизмин киргизүүгѳ багытталган бир нече чаралар иштелип чыккан.

Бул демилге туризмди экологиялык, туруктуу ѳнүктүрүүгѳ жана келерки сезондорунда туристтер үчүн Кыргыз өлкөсүнүн жагымдуулугун жогорулатуусуна түрткү болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан