Коңшу Өзбекстанда акыркы бир суткада 236 адамдан коронавирус илдети тастыкталган. Муну менен COVID-19дан жабыркагандардын саны 31 миң 304тү түздү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмаларында жазылды.
Маалыматка ылайык, бир сутка ичинде 950 бейтап оорудан айыгып, ооруканадан чыккан. Эң көп бейтаптар сакайган аймактар:
Ташкент шаары - 476;
Ташкент облусу - 235;
Самарканд шаары - 104 калгандар башка аймактардан.
Тилекке каршы, 6 адам көз жумган.
Коронавирус инфекциясы Өзбекстанда алгачкы жолу 15-мартта катталган. Азыркы учурда 22 миң 992 бейтап оорудан сакайса, 200 адам кайтыш болгон.