Кара-Кулжадагы ооруканага жаштар "Тез жардам" унаасын алып беришти

Кара-Кулжа районунун кулундары биргеликте Кеңеш айылындагы Ат-Келтир ФАПына "Тез жардам" унаасын алып беришти. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ош облусуна караштуу Кара- Кулжа районунун Кеңеш айылдык аймагында туулуп өсүп, азыркы мезгилде Бишкек шаарында жана Орусия аймагында иштеп жүргөн Курстанбек Төкө уулу баштаган жаштар Кеңеш айылындагы Ат-Келтир ФАПына 625 миң сомго "Тез жардам" унаасын алып беришкен.

Бул унаа демилгелүү жаштар тарабынан алынган экинчи "Тез жардам" унаасы болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
talaa11
2020-08-13 09:27:49
Ушул эле Райондун Кара-Гуз айылынын жаштары дагы демилге которуп Кара-Гуз айылыбызга Хонда Степ улгусундогу тез жардам унаасын алып беришти жети мин долларга
+2
Krai
2020-08-13 16:12:24
talaa11,ошону чыгарышкан окшойт дедим эле кайсы Курстанбекти жазып койгон десем башка тура Каныбек,аке Бабур илимдердин аттары жокко десем...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан