"Өзү келип кечирим сураарына ишенгем". Артур Цветков менен чырдаша кеткен кыргыз жигити окуя тууралуу айтып берди

Социалдык тармак колдонуучуларынын күчү десек болчудай, Орусияда тез тамактануучу жайда болгон чырда алып баруучу Артур Цветков кыргыз жигитинен кечирим сурады. Ал эми SUPER.KG порталы мекендешибиз Манап Абдразаков жана окуяны видеого тартып жетишип калган Бахнора менен байланышып, окуянын чоо-жайы тууралуу өз ооздорунан угуп, кыска маек курду.

- Манап, алгач эле видеодогу окуянын чоо-жайын айтып берсеңиз?

- 11-августта күндөгүдөй эле иштеп жатканда бет кабы жок кардар кирип келип, кассадагы кесиптешиме буюртма берип баштады. Эгер биз бет кабы жок адамды тейлесек айып пул салынат. Ал эми бизде аны төлөгөнгө мүмкүнчүлүк жок. Ошон үчүн кесиптешим андан бет кап талап кылып, алдына түшүп сатып алуу керектигин түшүндүрдү. Үчүнчү жолу айтканда, ал ар кандай жаман сөздөрдү айтып, сөгүнүп, кассадагы кызды такыр укпай, менеджерди чакырды.

Мен жердешим жана кесиптешим катары чыдап отура албадым. Барып андан "сизди бир нерсе канааттандырбай жатабы?" деп жай гана сурадым. Бирок ал эч нерсеге көнбөй эле намысыбызга шек келтирген сөздөрдү айтып, "администраторду чакыргыла" деп мага кол көтөрө баштады. Ортодо идиштерди да сындырууга жетишти. "Мына бет кап деген ушундай болот" деп кагаз майлыкты мурдуна коюп шылдың кылды. Анан барып астынан сатып келди. Бирок анда да ал тынчтанган жок, калган окуя видеодо көрсөтүлгөн. Негизи биздин кеңседе видео тартууга тыюу салынган, жанымдагы кесиптешим да бул ишке аргасыздан барды. Эртеси күнү биздин жетекчи келип, мени "кечирим сурап видео кайрылуу жаса" деди, бирок мен ал сунуштан баш тарттым.

- Элдешип калабыз деп ойлодуңуз беле?

- Элдешип калабыз деп эч ойлогон эмесмин. Бирок өзү келип кечирим сурайт деп эмнегедир ишенгем.

- Өзүңүз жөнүндө айта кетсеңиз?

- Мен Манап Абдразаков 1993-жылы Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Ынтымак айылында туулгам. 2012-жылдан бери эле Москва шаарына келип кетип жүрөм. Бул жакта иштегениме 8-9 ай болуп калды. Билимим орто, мектепти бүтүп, жогорку окуу жайына тапшырган эмесмин.

Манап Абдразаков жана Бахнора Арапчикеева

- Чет өлкөгө чыгууга эмне себеп болду?

- Бардык мигранттардай эле жетишпегендиктен келдик. Үйлөнгөнүмө да аз эле болду. Үй алып, кийин балдарымды эч нерседен кем кылбай өстүрсөм деген ой-максаттар менен келгем. Атам 4 жашымда эле көзү өтүп кеткен. Апам болсо көп жылдан бери бул жакта иштейт.

Аталган видео интернет желесине тарап, коомдо кызуу талкууга алынды. Окуяны видеого тартып алган мекендешибиз дагы элдин алкышына татып жатат. Көпчүлүгү "өз укугубузду билели, жетишип тартып калган кыз азамат экен" деген өңдүү билдирүүлөрдү калтырышкан.

Мындан улам видеого тартып алган Бахнора Арапчикееванын дагы пикирин уктук. Ал конфликт улам курчуп, абал оорлошуп бара жатканын эске алып, өмүрүнөн коркуп тартып алганын айтты.

- Видеону тартып жолдошума "таратып коёлу, эртең мага бир нерсе болсо, кокус мени өлтүрүп кетишсе, балдарым кандай болот" деп ыйлап жөнөттүм. Баарыбир өз өлкөңдө болбогондон кийин коркуп жашайт экенсиң. Манап дагы мага жердеш катары болушам деп ушул ишке кириптер болуп отурат. Артур милицияга арыз жазганда, алар кеңсеге келип бизге түшүнүк кат жаздырып кетишти. Башында алар тараптан бизге начар мамиле болду, бизди угушкан жок. Биз чет жакта жүргөн эмгек мигранттары жыргагандан эмес, иштейли, акча табалы деп жүрөбүз. Эки балам мекенибизде атасы экөөбүздү күтүп жатат.

Ушуларды айтып жатып көзүнө жаш алган Бахнора дээрлик 1 жылдан бери аталган тез тамактануучу жайда иштейт. Жолдошу экөөнүн максаттары менен бөлүшкөн мекендешибиз өзү жөнүндө айтып берди.

- Мен Ысык-Көл облусунун Челпек айылынан болом. 1997-жылы төрөлгөм. Мектепти аяктаган соң, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин педагогика бөлүмүн аяктагам. Чет жакка жумушсуздуктан, айлыктын аздыгынан улам келүүгө аргасыз болдук. Балдарымды сагынып, эртерээк кетсек экен деп жүрөбүз.

Гүлзат Мамытбек Миграция кызматынын өкүлү Жаркынай Галиева менен

Ал эми элдешүү күнү өзүн "кыргыздын деми" атаган Гүлзат Мамытбек дагы ал жакка барып, мекендештерибизди колдоп, дем берип турганын айтып, буларга токтолду.

- "Москвадагы жердештер "эже, барып абалын билип коюңуз" деп мага тынбай жазып жатышты. Видеону көрүп ичим сыздап кетти. Мындай кордукка чыдоого болбойт деп чуркап эле барсам, элдешкени жатышат деп 50дөй кыргыз чогулуп калыптыр. Барганда видеого тартып алган кыз ыйлап, калтырап, жаман абалда болуп жатыптыр. Ага дем берип, моралдык жактан жардам көрсөттүм. Ал эми Манапты Артур видеого тартып алган үчүн жооп бересиң деп коркутуптур. Жердештеримди колдоп турдум, бул менин милдетим болчу", - деген Гүлзат Мамытбек.

Гүлзат Мамытбек: “Мекендешибизди моралдык жактан колдоп, дем берип турдум”
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
engel
2020-08-14 09:31:45
Красавчик! Биздин кыргыздын эркектери ушундай намыстуу болсо гана биз Кыргыздар эч нерседен коркпойбуз! Менимче тиги ведущий ото кызыл кандуу неме окшойт же бир аз ичип алдыбы ким билет! Мигранттарыбыз кайда журсонор да аман жургуло!
+15
Raihan0602
2020-08-14 10:07:33
Кудайым колдосун сыртта жүргөн уул кыздарыбызды ушуга окшогон ала көөдөн акмактардын алдында сынбагыла ар дайым жолуңар ачык болуп жамандыктан сырткары болгула
+9
boston___
2020-08-14 10:13:10
Бар бол кыргызым
+6
Aimani
2020-08-14 10:21:31
Ассоль Молдокматова чоң жардам кылды окшойт. Тиги шумшук айла жок эле араңдан зорго кечирим сурады. Анан жанагы толук аялга жиним келип жатат. Кыздын колун карма деп зордоп карматканына. Эмнег карматат биздин кыздын колун ал айбанга
+4
Nur777
2020-08-14 11:22:42
Aimani,Ассоль гана эмес Самат Доолотбаков да видеообращение кылган,Саматтыкы менимче ото таасирлуу болгон,так что Саматка да ыраазычылык билдиребиз.
+10
Nur777
2020-08-14 11:24:25
Манап менен Бахнора,азаматсынар!
Силер менен сыймыктанабыз.Жакшы иштеп тезирээк мекенинерге аман-эсен кайткыла.
+8
Kylychisa
2020-08-14 13:13:27
Тиги мас болуп кочодо жаткан кызды да кечирим сураткыла
+1
Targarien
2020-08-14 17:36:53
Азаматтар. Бири колдук бири таластык экен. Мен Дубайда, Турцияда иштеп жургондо кээ бир тундуктон болгон манкалар Москвада оштуктар иштейт. Биз онуккон олколордо иштейбиз же Бишкекте эле жашайбыз деп мактанышкан эле.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан