Пандемия дыйкандардын да шайын оодарды (видеорепортаж)

Пандемия дыйкандардын да шайын оодарды. Бул тууралуу талаа иштери менен алектенген Айнура Абдирамитова өзү алпурушкан дыйканчылык тууралуу айтып берди. Ал үй-бүлөсү, бала чакасы менен бирге жашылча жемиш өстүрүп, ал бышканда жол жээгиндеги базарга алып чыгып сатат. Коронавирустун эпкини дыйкандарга да сезилип, жылдагыга салыштырмалуу быйыл сатып алуучулар кыйла аз.

Күз жакындаган бул убакта, көпчүлүгү кышка даярдык көрүп, салат камдоого киришип, жашылча жемиш базарын сатып алуучулар аарыдай каптачу. Бирок быйыл андай эмес, соода солгун. Ошентсе да күнүмдүк тапканына шүгүр кылып, баштаганын таштабай ишин уланткандар көп. Биздин эмгек чыныгы адал эмгек, маңдай тер деген Айнура Абдирамитова биздин чыгармачыл топту өзү эмгек кылып, түшүм алган эгин талаасына алып барды.

Дыйкан помидор өстүргөн эгин талаасынын аянты 3 гектардан ашат. Айтымында, 1 гектардан жылына 10 тоннага жакын түшүм жыйналат.

"Кышкы салат үчүн алгач эле помидор, бадыраң, болгар калемпири жана башка жашылча жемиштер керектелет. Булардын арасынан эң кирешелүүсү помидор өстүрүү", - деген каарманыбыз, ошол себептен помидор өстүрүүнү тандап алганын айтат. Айнура эженин эгин талаасында бир эле помидор эмес, жүгөрү, ашкөк, баклажан дагы өсөт. Дыйкан эгинди өстүрүүдө дары колдонбой турганын айтты. Ал "эккен эгиниң дагы баладай бапестеп кароону талап кылат" дейт.

Айнура Абдирамитова үй-бүлөсү менен 15 жылдан бери дыйканчылык кылат. Жылына иштеткен жеринин ижара акысына 20 миң сом акча төлөйт. "Тапкан кирешебизди ачык айтпайбыз, сыр боюнча эле калсын" деген ал бул тармакта иштесең, көзүн билсең кирешелүү дейт.

Ал эми биз, Айнура эженин жол жээгиндеги соода базарынан жер-жемиштердин 1килограммы канча сомдон сатыларына да күбө болдук .

Помидордун 1 килограммы 10 сом, бадыраң - 25 сом, сарымсак - 150-170 сом, капуста - 10 сом, сабиз - 17 сом жана болгар, калемпирлер - 25 сомдон.

Толук видеорепортаждан көрүңүз.

Пандемия дыйкандардын да шайын оодарды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан