Журналист Марат Уралиев Кара-Суу РИИБине сурак берип чыкты

Кактус.медиа маалымат агенттигинин журналисти Марат Уралиев Кара-Суу РИИБине сурак берип чыкты. Бул тууралуу журналит өзү билдирди.

"Суракта бир кагазга кол койдурушту, ага өзүм да таң калып жатам. Ош шаарындагы карантин убагында той өткөн "Баястан" рестораны боюнча сурашты. Ал учурда менден башка адамдар дагы болгон, бирок мени гана суракка чакырышкан экен. Анда мени ресторанга экинчи жолу барганым боюнча сурашты. Барганым чын. Анткени мен ал жакка кесиптик изилдөөнүн негизинде, атайын фактыны далилдөө максатында эки жолу баргамын. Биринчисинде, Жогорку Кеңештин депутаттары, УКМКнын кызматкерлери жүргөнү далилденген. Экинчисинде, биз барганга чейин баары чыгып кетишкен", - деди журналист.

Белгилей кетсек 12-август күнү кечки саат 22:00 чамасында Кара-Суу РИИБинен ага телефон чалып, суракка чакырылганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан