Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлады.
• Бишкек шаарында – 2;
• Ош шаарында – 1;
• Баткен облусунда – 4;
• Ысык-Көл облусунда – 1;
• Чүй облусунда – 1;
• Ош облусунда – 3.
Ал эми бир суткада 9 медицина кызматкери ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 18 медкызматкери айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында – 3 миң 18 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 315и айыгып чыкты.